МСК салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 10 миңден ашык субъекттин туум жана санкцияларын эсептен чыгарды

14.02.2022, 17:11 Акчабар
МСК салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 10 миңден ашык субъекттин туум жана санкцияларын эсептен чыгарды

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын августунан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын төлөгөн 10 миң 701 субъекттин 641,4 млн сом туум жана санкцияларын эсептен чыгарды.

Бюджетке 772,2 млн сом карыздын негизги суммасы төлөнгөн.

Алсак, салык карызынын негизги суммасын төлөгөн 7 миң 160 салык төлөөчүнүн 469 млн сом өлчөмүндөгү туум жана санкциялары эсептен чыгарылган. Субъекттер 457,6 млн сом салык карызынын негизги суммасын төлөштү.

Ошондой эле, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн 3 миң 541 субъекттин 172,4 млн сом өлчөмүндөгү туум жана айып пулдары эсептен чыгарылган. Бюджетке 315,1 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыз төлөндү.

“Мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын 2022-жылдын 1-июлуна чейин төлөгөндөргө 100 %, ал эми карызынын негизги суммасын 2022-жылдын 31-декабрына чейин төлөгөндөргө 50 % туумдар, санкциялар жана айып пулдары эсептен чыгарылат”,- деп айтылат Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында.

Ушул эле учурда, төлөөчүлөр салыктык текшерүүнүн же төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки салыктык мөөнөт үчүн такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июлунан кийинки салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасына кошуп эсептелген туумдар, санкциялар жана айып пулдар боюнча карыздарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммасын толук жойгон шартта эсептен чыгарууга укуктуу.

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу