Brent маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон баасы январдан тарта төмөндөй баштаган. Бүгүнкү күндө анын баасы 37.2$түзүүдө.
Андан сырткары, WTI маркасындагы мунай дагы 40 доллардан 34,9 долларга арзандаган жана орусиялык Urals мунайынын бир баррелге болгон баасы 36.3 $ турат.
Белгилей кетүүчү нерсе, 20-октябрда Brent мунайы 43.3 $ сатылган. 28-октябрдан тарта баа дароо 4.3%, кийинки күнү 2.2% түшүп кеткен. Орусиялык РИА Новости порталы, эксперттердин билдирүүсүнө таянуу менен мунайдын баасы 30 $ түшүп кетет деп жазып чыгышкан.
Эске сала кетсек, март айында ОПЕК өлкөлөрүнүн келишими, мунайдын рынокто ашыкча болгондугуна байланыштуу үзүлгөн. Бул учурда доллар дароо 72.4 рублга, евро – 82.2 рублга жогорулап кеткен. Бул Кыргызстандагы доллардын наркынын жогорулашына дагы таасирин тийгизген. 12-мартта доллар 72.9 сомго жогорулап, айдын аягында 80.8 сомду түзгөн.
Азыркы учурда доллардын наркы коммерциялык банктарда 83 сомдон сатылууда.