Мыйзамсыз сатылып жаткан 29 миңден ашык бөтөлкө алкоголу аныкталды

02.09.2020, 11:30 Акчабар
Мыйзамсыз сатылып жаткан 29 миңден ашык бөтөлкө алкоголу аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө лицензиясыз алкоголдук продукцияларды сатып жаткандарды кармашты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

 

«Ар кандай аталыштагы жана идиштеги 29 миң 145 бөтөлкө алкоголдук продукция, анын ичинен Бишкек шаарында – 13 873 бөтөлкө алкоголь, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда – 15 272 бөтөлкө сыра табылды», - деп жазылат маалыматта. 

 

Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча буга окшогон рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.

Тэги: МСК мыйзамсыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу