Мыйзамсыз соода кылынган жерлер тазаланууда

22.05.2023, 16:10 Акчабар
Мыйзамсыз соода кылынган жерлер тазаланууда

Ленин акимиаты Ош базарынын аймагында жана ага чектеш көчөлөрдө стихиялуу сооданы жоюу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, “Ош базары” соода борборунун айланасы Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрү  тазаланды. 

“Мыйзамсыз соода кылган 1 унаа, 18ден ашык жеңилдетилген типтеги объектилер – кол арабалар, мамылар, кол чатырлар, столдор алынды”, - деп айтылат маалыматта.  

Ошондой эле, стихиялуу соода менен алектенген жарандарга карата Кыргызстандын "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 179-берененин 1-бөлүгүнө жана 434-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу