Июль айында кумшекердин дүйнөлүк баасы мурунку айга салыштырмалуу 3,9% төмөндөдү. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баанын төмөндөшүнө Бразилиядагы жигердүү оруп-жыюу, Индиянын көпчүлүк аймактарында жаан-чачындын көбөйүшү жана дүйнөдөгү эң ири кант импорттоочулар Индонезия менен Кытайдын кумшекерге суроо-талабынын басаңдашы себеп болгон.