Бишкек-Ош жол тилкесине (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) асфальт-бетон төшөлүүдө. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралганын минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Аба-ырайы туруктуу болсо курулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктайт.
Улукбек Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.