Быйыл энергетика тармагын каржылоого 31,1 млрд сом каралган, анын ичинен бюджеттик каражаттар 21,9 млрд сом, атайын эсептин каражаттары 26,4 млрд сом жана мамлекеттик инвестициялар 9,1 млрд сом, - деп билдиришти Каржы министрлигинен.
"Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,5 млрд сом каралган. 2023-жылдын 1 апрелине карата 800,9 млн сом (51,0%) бөлүндү.
Мамлекеттик бюджеттен (МБ) 2023-жылга жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелер тарабынан керектелген электр энергиясынын чыгымдарын жабуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 1,2 млрд сом каралган. 2023-жылдын 1 апрелине карата 486,2 млн сому (42,0%) каржыланды.
2023-жылга бюджеттик кредиттер 4,7 млрд сом өлчөмүндө каралып, учурда 255 млн сом бөлүндү, анын ичинен: