Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасында 1266 баш мал жана башка бир катар товарларды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Атап айтканда,"Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунан 272 баш ири мүйүздүү мал, 910 баш майда жандыктар, 22 тонна улпак, 22 тонна арпа, 22 тонна түтүк, 9 тонна минералдык плиталарды жана көчмө мончо алып келе жаткан жүк ташуучу унаалар кармалган.
“Чалдыбар” товарларды эсепке алуу пунктунан 69 баш жылкы, 15 баш бодо мал, 15 тонна тоок жумурткасын, 2 бирдик авто транспорттук каражаттарды жана гигиеналык каражаттарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлган.
Ошондой эле "Ак-Жол" товарларды эсепке алуу пунктунан 2 тонна чай, 2 тонна малдын майын жана чогултулган жүктү ташып бара жаткан унаа кармалган.
Бардык импорттоочулардын товарларды алып келүүгө уруксат кагаздары болгон эмес.