Бүгүн, 12-июнга карата сооданын көлөмү 9,05 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын маалыматы тастыктайт.
Белгилеп кетсек, өткөн жумадан бери мамлекеттик эки жылдык казына милдеттенмелерин жайгаштыруунун эсебинен соода көлөмү 543,6%га өскөн. Сооданын жыйынтыгында мамлекеттик баалуу кагаздар 8 миллион 281 миң сомго сатылды.
Ошондой эле 449,5 миң сомдук 12 айлык мамлекеттик казына векселдери сатылган.
Соода көлөмүнүн калган бөлүгү "Кыргызгипростройдун" (жалпы көлөмү 45 сом), ошондой эле "Строй дом KG" ЖЧКсынын жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялары менен камсыздалган. (123 миң сом).