2020-жылдын 15-февралында, «Кумтөр» кениндеги Петров көлүнүн түндүк-батыш тарабындагы табигый морена плотинасынын бөлүгүндө жайгашкан термокраст көлмөсүнө материалдарды төгүү иштери учурунда, экскаватор, ичиндеги машинисти менен саат 18:00 чамасында түшүп кеткен. Бул тууралуу «Кумтөр» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштер бардык тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган долбоор боюнча жүрүп жаткан. Кырсык боюнча маалымат келери менен «Кумтөр» кенинин тоо-кен куткаруу командасы дароо авариялык куткарууга киришти. Кен кызматкерин издөө иштерине Бишкек жана Караколдон келген ӨКМ суучул топтору кошулган.
Издөө иштеринен сон, экскаватор машинистинин сөөгү табылган. Учурда окуянын себептерин иликтөөчү комиссия түзүлүп, иш алып барып жатат.