Кыргыз-казак чек арасында контрабандалык жүк кармалды

10.09.2019, 12:17 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасында контрабандалык жүк кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кыргыз-казак чек арасында жыгач материалдарды, суу түтүктөрүн, генераторлорду мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдайт. ​

 «Чоң-Капка-автожол» өткөрүү пунктунда баасы 47.2 млн. сом болгон генераторду ташып бара жаткан 2 автоунааны кармалган. Текшерүү учурунда, товар ташуучулардын тиешелүү документтерри жок болуп чыккан.  Андан сырткары, ушул эле өткөрүү пунктунда жыгач материалдар кармалган. 

«Ак-Тилек-автожол» текшерүү пунктунда 80 миң метр суу түтүктөрүн мыйзамсыз, эч кандай тиешелүү документтери жок алып кетип бара аткан автоунаа кармалган.
Мыйзам бузуучулардын материалдары Финансы полициясына өткөрүлүп берилди. 

 

Тэги: ГНС контрабанда

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу