Коммерциялык банктар 19-октябрдагы банктар аралык валюта аукциондорунда 7 миллион 130 миң доллар сатып алышты. Мындай маалыматты Улуттук банк билдирди.
Анын ичинен 1 миллион 900 миң доллар бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү жолу менен, дагы 5,23 миллион доллары бүтүмдөн башка күнгө сатылып алынган.
Соода доллары 82,3 сом менен ачылса, жабылганга чейин валютанын наркы мурдагы деңгээлинде калды.