Шаар мэриясы шаар ичине 8 көчөгө жаңы жол чырак орнотууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жаңы жол чырактар үчүн 4 млн 100 миң 488 сом бөлүнөт. Тендерге катышуучулардын арызы 13 - январдан 16 - январга чейин кабыл алынат.
Жол чырактарды төмөнкү көчөлөргө орнотуу пландалып жатат:
- Щербаков жана Орозбеков көч. кесилишине;
- Ауэзов жана Кольбаев көч. кесилишине;
- Садыгалиева жана Жамгырчинова көч. кесилишине;
- Дэн Сяопин жана Кустанай көч. кесилишине;
- Асаналиев жана Алтымышев көч. кесилишине;
- Махатма Ганди көч. «ИСИТО» окуу жайынын бет маңдайына;
- 7 - Апрель көч. карама-каршы «Улан - 2» кичи районуна;
- 4 - кичирайонуна, № 17 мектептин жанына.