Кыргызстандыктарды турак жай менен камсыз кылуу 2014-жыдан тарта 4.5% өскөнү маалымдалат. Мындан беш жыл мурун бир адамга 12.5 кв. м турак жай болсо, 2018 – жылдын аягынан тарта бул көрсөткүч 13.1 кв метрге көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, шаарларда турак жай менен камсыздоо 14.6 кв метрден 14.1 кв метрге азайса, элет тармагында тескерисинче 11.5 кв метрден 12.5 кв. метрге көбөйгөн.
Кыргызстанда чен өкмөт тарабынан бекитилген Турак жай кодексине ылайык жөнгө салынат. Ар бир адамга 12 квадрат метрден кем болбошу керек.
Казакстанда ар бир адамга орточо эсеп менен 21 кв м. аянт, Россияда – 28 кв. м аянт туура келет.