Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө апрель айында 3 млрд 741.5 млн сом жумшалары пландалууда. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.
Белгиленгендей, мамлекетттин ички жана тышкы карыздары түзүлгөн графикке ылайык, убагында төлөнүп жатат.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызына 5 млрд 362 млн сом жумшалган. Жакында эле президент Жээнбеков Кытайдан карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранган. Андан сырткары, «Чоң жети» өлкөлөрдүн финансы министрликтери жана борбордук банктары жакыр өлкөлөрдүн анын ичинен Кыргызстандын тышкы карыздарынын төлөө мөөнөтүн узартууга даяр экендигин билдиришкен.