Конституциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү башталды. Тийиштүү жарлыкка 8-февралда президент Садыр Жапаров кол койду.
Иш-чараларды өткөрүүнүн деталдуу планы жана аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.
Майрамдык иш-чаралардан тышкары “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалын чыгаруу да пландалууда. Аны өндүрүү президенттик администрацияга жүктөлгөн, мөөнөтү 1-майга чейин.
Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылат. Ошондой эле, акча министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнөт.