Быйыл Ош облусуна республикалык бюджеттен бюджеттер аралык трансферттерге 148,6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Анын 129,6 млн сому теңдештирүү трансферттерине жумшалат;
“Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөрүнүн) электр энергиясынын чыгымдарын каржылоого республикалык бюджеттен 51,4 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан – 200 млн сом”, - деп белгиледи Каржы министрлиги.