Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча башкы подрядчы аныкталды

14.10.2022, 10:23 Акчабар
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча башкы подрядчы аныкталды

"Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча башкы подрядчы катары "Нарынгидроэнергокурулуш" ААК аныкталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин аталган ГЭСти куруу, 2-гидроагрегатты ишке киргизүү жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Жыйында мындан төрт ай мурун президент тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭС тилкесинде даярдоо иштеринин алгачкы этабына старт берилгенин, анда көпүрө, туннель, жолдор, көмөк чордон жана вахталык шаарча курулушу камтылганы айтылды.

"Андан бери долбоорду каржылоо маселеси чечилди – жылдарга бөлүү менен 1 млрд 555 млн 600 миң сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн", - деди Минитсрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата ГЭСи өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн өтө зарыл болгон эң ири энергетикалык объект болорун белгиледи. Буга байланыштуу тиешелүү министрликтердин жетекчилерине заманбап технологияларды жана экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен мурда иштелип чыккан техника-экономикалык негиздемени жаңылоо боюнча ишти тездетүү тапшырылды. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары казылып алынуучу отундан кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүгө байланышкан учурдагы экономиканын тенденциясына өзгөчө көңүл бурду. 

"Жашыл экономика» экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча дүйнөлүк күн тартипти жактоо менен инвесторлор келе турган маяк болуп саналат. Дүйнөлүк таблоиддердин айтымында, экологиялык тобокелдиктерди эске алган компаниялардын акциялары туруктуу өсүштү жана туруктуулукту көрсөтүүдө" - деди Бакыт Төрөбаев.

Тэги: новости Кыргызстана Бакыт Торобаев Камбар-Ата-1

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу