Чек арачылар 27-сентябрда Баткен районунун Чоң-Талаа айылында аткезчилик товарларды чек арадан өткөрүү аракетин токтотушкан. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.
Чек арачы Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө 300 миң сомдук кийим алып өтүүгө аракет кылган 1985-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.С.ны кармаган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.