Улуттук банк синдикатталган насыяны ишке ашыргысы келет

24.08.2021, 12:30 Акчабар
Улуттук банк синдикатталган насыяны ишке ашыргысы келет

Улуттук банк Кыргызстанда синдикаттык кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби боюнча долбоордун иштелип чыкканын билдирди. Бул тууралуу банктын расмий баракчасында жазылды.

Кыргыз Республикасында синдикаттык кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби боюнча долбоордун жактырылышы төмөнкү көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет:

  • банктар тарабынан ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн карыз алуучуларга ири кредиттерди берүүдөн баш тартуу;
  • синдикаттык кредиттөөнү ишке ашыруу тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын жоктугу.

Мындан тышкары, синдикаттык кредиттөөнү ишке ашырууну жөнгө салуу банктардын кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет, ири инвестициялык долбоорлорду тартууга жана убакытты үнөмдөөгө, ар кандай банктарда өзүнчө кредит берүү шартында сөзсүз түрдө боло турган карыз алуучулардын чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет.

 

Тэги: экономика банки КР Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу