Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер мыйзам Кыргыз Республикасында финансылык технология ишканаларынын тез өнүгүшүнө шарт түзүүгө багытталганын белгилешет. Ошол эле учурда Улуттук банкка өкмөт менен бирдикте финансы рыногун өнүктүрүү боюнча саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү сунушталууда.
Бирок юрист Сания Токтогазиева бул жагдай Улуттук банктын көз карандысыздык принцибин бузуп жатканын белгиледи.
"Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көз карандысыздык принцибин түп-тамырынан бери бузуу. Улуттук банктардын негизги миссиясы - бийликтин саясий бутактарын кармап туруу жана келечекте стабилдүүлүккө жана инфляцияга алып келүүчү фискалдык жоопкерчиликсиз саясаттын (өкмөт, президент жана парламент сыяктуу) камсыздалышына жол бербөө", - деп жазган ал.
Токтогазиева депутаттардын демилгесин банк тутумунун кыйрашына алып келиши мүмкүн болгон жөнөкөй популизм катары сыпаттады.