27-ноябрда 10 жылдык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.
1 млрд 100 млн сомго баалуу кагаздар чыгарылат, биргелешкен чендин көлөмү — 8% түзөт.
Эске сала кетсек, Улуттук банктын 24-ноябрда өткөргөн аукционунун жыйынтыгында, орточо кирешенин көлөмү 3.96%, 4.37% жана 4.49% түздү.