Кыргызстанда улуттук валютанын 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы банкноттору жүгүртүүгө чыкты.
Улуттук банктан билдиришкендей, 5-сериядагы банкноттордун негизги сюжеттеринин багыты – Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдыруу – өзгөртүүсүз калтырылды. Алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөртүүсүз калтырылды.
Кыргызстандын жаңы банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан талаптагыдай коргоону камсыз кылган, заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлден турган комплексин камтыйт.
"Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргызстандын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш", - деп айтылат маалыматта.