Бүгүн, 18-июлда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарын (ноталарын) жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт, - деп билдирет жөнгө салуучу.
Жалпысынан ноталарды жайгаштыруу жолу менен банк тутумунан 16,9 миллиард сом алуу пландаштырылууда. Каражаттын негизги бөлүгүн же 6,4 млрд сомду Улуттук банк 28 күнгө, дагы 4,5 млрд сомун жана 4,8 млрд сомду 7 жана 14 күнгө тартууну пландаштырууда.
Кошумчалай кетсек, жөнгө салуучу 182 күндүк ноталарды ушул жылдын март айынын аягынан баштап жигердүү колдонуп жатат.
Эске салсак, Улуттук банктын ноталары акча-кредит саясатынын инструменти болуп саналат, алар акча массасынын көлөмүн жана түзүмүн жөнгө салуу үчүн колдонулат.