“Эко Лайн сервис” акча алмаштыруу бюросу мыйзамды, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын бузган. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Мындан улам, акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы 16-июндан 25-июнга чейин убактылуу токтотулду.