Эртең,10-ноябрда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Эмиссиянын жалпы суммасы 50 миллион сом.
Эскерте кетсек, 3-ноябрда өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык мамлекеттик казына векселдеринин эмиссиясынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 8,43%ды түзгөн.