Эртең, 4-августта Улуттук банктын 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.
Баалуу кагаздарды жайгаштыруудан улам Улуттук банк 7 млрд 550 млн сом тартууну пландоодо.
Эске сала кетсек, 28-июлда өткөн аукциондун жыйынтыгында орточо киреше 7-, 14-, 28-, жана 91-күндүзгү Улуттук банктын ноталары 3.98%, 4.29%, 4.41% жана 4.67% түзгөн.