16-февралда 7, 14, 28 жана 91 күндук ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Эмиссиянын биргелешкен суммасы 6 млрд 100 млн сомду түзгөн. Каражаттын басымдуу бөлугүн Улуттук банк 7 күндүк ноталардан (2.4 млрд сом) жана 28 күндүк ноталардан (2.1 млрд сом) тартууну көздөгөн.
Кошумчалай кетсек, максималдуу кирешени, тагырагы 5.75% 91 күндүк ноталардан тартуу пландалууда.