20-ноябрда үч жылдык мөөнөттү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Баалуу кагаздардын жалпы көлөмү 200 млн сомду түзөт, купондук ставка - 5%.
Эске сала кетсек, 13-ноябрда 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлгөн. Кирешеси 11% түзгөн. Мындан соң Улуттук банк 500 млн сомго МБК кошумча жайгаштырган.