Улуттук банк эки коммерциялык банкка талапкерлерди бекитүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Тактап айтканда, "Дос-Кредобанк" ААКтын башкаруучу директорлугуна аталган банк тарабынан сунушталган Насир Джумалиевдин талапкерлиги жактырылды.
Ошондой эле, "РСК Банк" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматына Медет Таировдун талапкерлигин жактыруу чечими кабыл алынды.