Улуттук банк 16-декабрда эки коммерциялык банктын кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Улуттук банк "ЭкоИсламикБанк" ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин төрагасы кызматына Сергей Кошелевдин талапкерлигин жактырды.
Мындан тышкары, Калыбек Абдыкадыров "Керемет Банк" ААКнын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп бекитилди, ал эми Раушан Сейткасымова аталган банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болду.