Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

25.04.2023, 10:07 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 24-апрелинде эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 25-апрелинде күчүнө кирет. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын экономикасында оң тенденция сакталып турат. ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 2023-жылдын январь-март айлары ичинде 4,6 пайызды түзгөн. Өнөр жай, кызмат көрсөтүү секторлорунда өндүрүштүн өсүшү экономиканын өсүшүнө көбүрөөк салым кошуусун улантууда. Ички суроо-талап чөйрөсү туруктуу кеңейип жатат.  

Өлкөдө керектөө баалары 2023-жылдын башынан тартып 3,2 пайызга өскөн, мында апрель айында (2023-жылдын 14-апрелине карата) жылдык инфляция көрсөткүчү 2022-жылдын декабрь айындагы 14,7 пайызга караганда бир аз басаңдап, 10,5 пайызды түзгөн. Айрым азык-түлүк товарларына баалардын өсүшү басаңдаганы байкалат. Мурда кабыл алынган акча-кредит саясатынын чаралары инфляциянын бир калыпта төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн. 

Жалпысынан Кыргызстанда инфляция бир аз басаңдаган, бирок тышкы чөйрөдө белгисиздик жагдай дагы деле жогорку деңгээлде сакталып турат: дүйнөлүк инфляциянын болжолдуу көрсөткүчтөрү жогорку мааниде сакталып, тышкы финансы рыноктору өзгөрүлмөлүү бойдон калууда. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы жагдайдын андан ары туруктуу абалга келиши Кыргыз Республикасындагы инфляциянын басаңдашына өзүнүн таасирин тийгизет, ошол эле учурда бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы менен байланышкан факторлор инфляцияга түрткү берген ички факторлор бойдон калууда. Инфляциянын келечектеги тенденциялары көп учурда дүйнөдөгү геосаясий жагдайга көз каранды болот.  

Тышкы жана ички экономикалык чөйрөдө түптөлгөн өнүгүү шарттарын эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн дагы караштырат. 

Тэги: экономика новости Кыргызстана учетная ставка Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу