Улуттук банк  эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде сактап калды

26.11.2019, 12:20 Акчабар
Улуттук банк  эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк  эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 26-ноябрынан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасында баалардын жалпы деңгээли, негизинен азык-түлүккө болгон баалардын эсебинен, бир калыпта калыбына келүүсү байкалган. Ноябрь айында (15-ноябрга карата) инфляциянын жылдык мааниси 2,5 пайыз деңгээлинде түптөлгөн.  

Инфляция динамикасы Улуттук банктын күтүүлөрүнүн алкагында орун алууда. Инфляция боюнча мурдагы болжолдоолор сакталган: 2019-жылдын акырына карата инфляциянын 3,5 пайызга жакын болушу (2019-ж. дек./2018-ж.дек), ал эми анын орточо жылдык мааниси – 1,5 пайыздан жогору эмес түптөлүшү күтүлүүдө. Улуттук банк ички жана тышкы таасирлер жок болгон учурда инфляцияны акырындап орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүч 5-7 пайызга жакындай тургандыгын болжолдоодо. 

«Реалдуу сектордо экономикалык жигердүүлүк сакталууда. 2019-жылдын январь-октябрь айларында реалдуу ИДӨ 5,7 пайызга, ал эми “Кумтөр” ишканаларынын продукцияларынын өндүрүлүшү боюнча маалыматтарды эске албаганда – 3,3 пайызга өскөн. Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы экономиканын бардык негизги секторлорунда байкалган, ага негизги салымды өнөр жайы кошкон. Ички суроо-талап кармалып турган динамиканы көрсөтүүдө, ал эми өлкөгө акча которуулардын агылып кирүү көлөмүнүн азаюу тенденциясы анын начарлап кетүүсү үчүн өбөлгө түзүүнү шарттайт», - деп жазылат маалыматта.  

Маалымат үчүн: 

Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча Улуттук банк Башкармасынын кийинки отуруму 2019-жылдын 23-декабрында өткөрүлөт. 

 

Тэги: Нацбанк учетная ставка инфляция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу