Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды

01.08.2023, 10:48 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.

Белгиленгендей, өлкөнүн өнүгүү келечеги мурдагыдай эле айрыкча региондордо өзгөрмөлүү бойдон калган тышкы шарттардын таасири астында калуусу уланууда, глобалдык инфляциянын жогорку маанилерде сакталып турушуна жана дүйнөлүк финансы рынокторунда белгисиздик жагдайынын үстөмдүк кылышына байланыштуу кыска мөөнөттүү мезгилде экономикалык жагдайдын жакшыруусу кыйла консервативдүү күтүүлөр менен мүнөздөлөт.  

"2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасы 3,9 пайызга өсүштү көрсөткөн, мында көбүрөөк салым кызмат көрсөтүү сектору тарабынан камсыз кылынган. Экономикалык жигердүүлүк да ички суроо-талаптын кеңейиши менен колдоого алынган", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчаласак, 2023-жылдын июль айында (21ине карата абал боюнча) инфляция жылдык мааниде 10,3 пайызды түзгөн, мында анын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баанын өсүшү 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыз деңгээлинен жылдык мааниде 6,9 пайызга чейин төмөндөгөн.

Жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат курсу мурдагыдай эле орто мөөнөттүү мезгилде инфляция деңгээлин 5-7 пайызга чейин төмөндөтүүгө багытталган. Жалпысынан инфляциянын күндөлүк динамикасын баалоо Улуттук банктын күтүүлөрүнүн алкагында калат, мында өлкө экономикасында инфляцияга түрткү берген факторлордун сакталып турушу монетардык жана бюджет-салык саясатын андан ары ишке ашырууда макулдашылган кадамдарды талап кылат.  

Тэги: новости экономика Кыргызстана Нацбанк учетная ставка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу