Улуттук банк беш коммерциялык банктын кызмат ордуна талапкерлерди жактырды

05.07.2021, 15:00 Акчабар
Улуттук банк беш коммерциялык банктын кызмат ордуна талапкерлерди жактырды

Улуттук банк бир катар коммерциялык банктарда директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөсү кызмат ордуна талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Чынара Маматова "Компаньон Банкы" ЖАКтын директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөсү болуп бекитилди.

Асел Самакова "ФинансКредитБанк" ААКтын директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөсү жана текшерүү комиссиясынын төрайымы болду.

Динара Тажибаева "АМАНБАНК" ААКтын директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөсү, тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрайымы болуп бекитилди.

Мындан тышкары, Улуттук банк тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна "FINCA Банк ЖАК" тарабынан сунушталган Мерал Курдаштын талапкерлигин жактыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Руслан Сагинаев "Халык Банк Кыргызстан" ААКтын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп бекитилди.

Тэги: комбанки Нацбанк КР кандидатура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу