Улуттук банктын башкармалыгы “РК "Аманбанк" ААКсында убактылуу администрациянын өзгөчө режимин киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Убактылуу администрация режими 15-июлдан баштап алты айлык мөөнөткө киргизилди. Бирок мунун себептери айтылган жок.
"Аманбанктын" убактылуу администратору болуп Рустам Абдулдабеков дайындалды.
Кошумчаласак, убактылуу администрация Улуттук банк тарабынан активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу, банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн банкка контролдукту орнотуу максатында таасир көрсөтүү чарасы катары, ошондой эле, банктагы иштердин реалдуу абалын белгилөө жана анын келечектеги ишин аныктоо киргизилди.