Бүгүн, 22-апрелде Улуттук банк валюта базарынан 25 млн 850 миң доллар сатып алды.
Анын ичинен Улуттук банк 16,5 миллион долларды бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен жана дагы 9 миллион 350 миң долларды бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептешүүлөр менен сатып алды.
Кошумчаласак, бул жыл башынан берки төртүнчү тескери интервенция.