Энергетика тармагындагы каатчылыктан улам, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК Кыргызстандагы энергетикалык компаниялардын бюджеттеринин чыгаша бөлүгүн кыскартат. Бул тууралуу холдингдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук Энергохолдинг төмөнкү компаниялар үчүн 1,7 миллиард сом өлчөмүндөгү чыгымдарды кыскартуу боюнча аргасыз чараларды колдонууда:
Улуттук энергетикалык холдингдеги энергетикалык сектордун уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу менен, холдингдин бир кеңешчиси жана алты кызматкери кыскаргандыгын эске алуу менен жаңы уюштуруу түзүмү бекитилди. Ошондой эле, тогуз энергетикалык компаниянын жетөөсүндө башкы дирекциянын мүчөлөрү төрттөн үчкө кыскарган жана ички аудит кызматтары жоюлган.
Ички аудит кызматтарынын жоюлушуна байланыштуу, туунду компаниялардын каржылык-чарбалык ишин натыйжалуу контролдоо максатында текшерүү комиссиясынын иши күчөтүлөрү белгилүү болду.