Майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарылоого жолдомо сатып алууга 75 млн сом жумшалат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Тендерди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарыялаган.
Белгилеп кетсек, арыздар 24-майга чейин кабыл алынат.