Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды

28.02.2023, 10:04 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк башкармасы 2023-жылдын 27-февралында эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.  

Өлкөдөгү инфляция салыштырмалуу бир калыпта сакталып турат жана акыркы айлардагы негизги тенденцияларды чагылдырат. 2023-жылдын башынан тартып керектөө баалары 2,8 пайызга өсүп (17-февралга карата абал боюнча), инфляция жылдык мааниде 15,9 пайызды түзгөн. Учурдагы инфляция жашылча, жемиштерге баалардын сезон боюнча жогорулашын, ошондой эле инфляцияга мурда таасирин тийгизген факторлордун инфляцияга экинчи жолу таасирин тийгизүүсү улантып жаткандыгын көрсөтөт. Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлүп туруусу, бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы мурдагыдай эле инфляцияны шарттаган факторлордон болууда. 

Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүк жанданган, ошондой эле ички суроо-талап калыбына келүүдө. ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 2023-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча 4,8 пайызды түзгөн. Өндүрүштүн кыйла өсүшү өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлорунда катталган. Активдүү кредит берүү жана эмгек акыны реалдуу жогорулатуу дагы ички керектөөнү жогорулатууга кошумча түрткү берген.  

Улуттук банк тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар акча жана валюта рынокторундагы кырдаалды салыштырмалуу туруктуу кармап турууга өбөлгө түзүүдө. Финансы-банк системасында туруктуулук сакталып турат. Банк системасы улуттук валютада ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүнө ээ.  

Тышкы чөйрөдө жогорку деңгээлде сакталып турган белгисиз кырдаал Кыргыз Республикасында экономикалык жагдайдын өнүгүшүн, анын ичинде инфляция динамикасын алдын ала аныктаган фактор бойдон калууда. Мындай шарттарда Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн монетардык саясат мурдагыдай эле Кыргыз Республикасында инфляцияны орто мөөнөттөгү максаттуу көрсөткүч деңгээлине чейин төмөндөтүүгө багытталат. 

Тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл болгон учурда орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт жана кошумча инструменттерди колдонот. 

"Улуттук банк башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2023-жылдын 24-апрелинде өтөт. Бирок жагдайга жараша негизги чен өлчөмү боюнча пландан тышкаркы отурум өткөрүшү мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: учетная ставка НБ КР новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу