Быйылкы жылдын январь айында кумар оюндарынан салык түрүндө казынага 22 миллион 92,5 миң сом түштү. Муну Каржы министрлигинин статистикалык маалыматтары тастыктайт.
Муну менен казинолор казынаны 21 миллион 92,5 миң сомго толукташты. Букмекерлер 1 миллион сом салык төлөшкөн.
Кошумчалай кетсек, казинодон бюджетке алгачкы төлөмдөр 2023-жылдын май айында түшө баштаган. Кыргызстанда кумар оюндары 2022-жылдын июнь айында тиешелүү мыйзам кабыл алынгандан кийин кайрадан мыйзамдаштырылган.