Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү.
Акылбек Жапаров белгилегендей, МСК алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлган.
“Үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 млрд сомго жакын салык жыйноо, ал эми бажы кызматынын алдына 100 млрд сомго жакын план коюлган”, - деди ал.
Кеңешменини жүрүшүндө МСК өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы тууралуу, анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү, ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча аналитикалык тутумду ишке киргизүү тууралуу маалымат беришти.