Нарындык дыйкандар брюссель капустасын өстүрүшү мүмкүн

29.03.2024, 15:36 Акчабар
Нарындык дыйкандар брюссель капустасын өстүрүшү мүмкүн

Өсүмдүктөрдү экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов “КыргызЦентрПродукт” компаниясы менен биргеликте жана RUK ZWAAN компаниясынын агрономдору райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына жана дыйкан-фермерлерге жогорку маржиналдуу өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча онлайн семинар өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Семинарда башка өлкөлөрдө суроо талап көбөйүп жаткан түстүү капуста, брокколи, брюссель капустасын жана жашыл буурчакты Кыргызстанда туура эгип өстүрүү, чет өлкөлөргө экспорттоо, анын кирешелүү жолдору жана пайдасы тууралуу маалымат берилди.

Министрлик Нарындын дыйкандарына брюссель капустасын өстүрүүнү сунуштайт. Брюссель капустасы негизинен аба ырайы катаал Бельгияда гана өстүрүлөт. Жашылча 5-6 айда бышат. 

Тэги: брюссель капустасы дыйкандар Нарын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу