Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине жаңы директор дайындалды

25.04.2023, 13:43 Акчабар
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине жаңы директор дайындалды

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Александр Настаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик басма сөз кызматы билдирди.

Александр Настаевди кызматтан алуу боюнча документке президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчынын башка буйругуна ылайык, жаңы директорлукка Данияр Бостонов дайындалды.

Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, Бостонов 2020-жылы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын Бишкек аба кыймылын тейлөө борборунун биринчи класстагы улук диспетчер болуп иштеген. Ал Кыргызстандын тарыхында эң жаш авиадиспетчер болгон жана бул тармакта 2004-жылдан бери иштеп келет.

Тэги: экономи5ка новости Кыргызстана ГАГА Аэропорт «Манас»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу