Талайбек Байгазиев Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Министрдин жаңы орун басары буга чейин “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын төрагасы болгон.