Улуттук банк Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагалыгына Талантбек Өмүралиевдин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Мындай чечим 9-августта кабыл алынган.
Эске салсак, буга чейин Көз карандысыз директорлор палатасын жетектеп келген Талантбек Өмүралиев буга чейинки төрага Улан Сарбановдун ордуна келди.