Улуттук банк "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө кабарлайт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Учурдагы жобого өзгөртүү киргизилгенде, банктар микрофинансылык компанияларга кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экени такталууда.
"Улуттук банк башка мамлекеттик органдардан ала турган айрым документтерди берүү жагынан алганда, банктарга жана алардын кызмат адамдарына жүк азаят", - деп кошумчалашты улуттук банктан.