“Кайыңды-Кант” заводунун 2024-жылы боло турган ири операцияларына акционерлеринин баары эле макул эмес. Муну Кыргыз фондулук биржасынын маалыматы тастыктайт.
Буга чейин 28-мартта компаниянын акционерлеринин жыйыны өтүп, анда заводдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер талкууланган.
Тактап айтканда, 2024-жылы компаниянын экономикалык ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө бүткөрүлгөн жана бүткөрүлүшү пландалган ири бүтүмдөрдү бекитүү талкууланып, бардык акционерлер макул болгон жок. Тагыраагы, 3,02% каршы же калыс болду.