Кезектеги мыйзамсыз бензин ташыгандар кармалды

19.07.2019, 13:55 Акчабар
Кезектеги мыйзамсыз бензин ташыгандар кармалды

 Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү  боюнча Ош областык  Башкармалыгы мыйзамсыз товарларды  кармашты. Анда нефрас ташып келе жатабыз деп жалган документ көрсөтуп, бирок мунай ташыган эки жүк ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Ош башкармалыгы билдиргендей шаардын чегине кирп жаткан эки мунай ташуучу авто унаалар кармалган. Анда  77 720 литр жүк жүктөлүп, ал нефрас деп, бирок бензин алынып келе жаткан.

Экспертизада белгилүү  болгондой жогорудагы унааларда «АИ-80» бензини куюлган.

Ошентип, бул аракет менен мамлекеттик казынага  675  миң. 483 сом  чыгаша келтирилген.

Учурда бул кылмышка тиешелүү адамдар жана башка фактылар такталууда

Маалымат үчүн: 

Нефрас («мунай кошулмалары») — суюк заттардын бириктирилип айтылган аталышы. Ал чийки зат болуп, нефтинин калдыктары, бензин, керосиндин иштетилген калдыгы же уайт-спирит  жана башка заттар болушу мүмкүн. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу