19-мартта Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен ири бүтүм катталды. Бул тууралуу биржанын сайтына жарыяланды.
Сооданын жыйынтыгында 6 млрд 42 млн 639 миң 173 акция 10 млрд сомго сатылды. Акциянын баасы 1,6 сомду түздү.
Белгилеп кетсек, акциялар биринчи соодада сатылды, бул компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүнү пландаганын билдирет.